Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги II-сессиясынын отурумунун
2024-жылдын 20-декабры № 6
“Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымдардын суммасын бекитүү жөнүндө”
Кулунду айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы А. Асраловдун жана Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүкбоюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Д. Жусупалиевдин баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин 2-сессиясы күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Түрткү берүүчү грантына сунушталуучу долбоорго Кулунду айыл өкмөтү тарабынан төмөнкү өздүк салымды жергиликтүү бюджетинен каржылоого макулдук берилсин:
“Кулунду айылындагы А.Набиев көчөсүн капиталдык оңдоо жана асфальттоо” долбору,
- жалпы суммасы 4776080 (төрт миллион жети жүз жетимиш алты миң сексен) сом,
- дем берүүчү грант эсебинен 3000000 (үч миллион) сом,
- өздүк салым 1776080 (бир миллион жети жүз жетимиш алты миң сексен) сом.
Төрага: | А.А. Досов |