Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги II-сессиясынын отурумунун токтому
2024-жылдын 20-декабры № 7
“Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымдардын суммасын бекитүү жөнүндө”
Кулунду айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы А. Асраловдун жана Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүкбоюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Д. Жусупалиевдин баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин 2-сессиясы күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Түрткү берүүчү грантына сунушталуучу долбоорго Кулунду айыл өкмөтү тарабынан төмөнкү өздүк салымды жергиликтүү бюджетинен каржылоого макулдук берилсин:
“Интернационал айылындагы Кыргызстандын 40 жылдыгы көчөсүн капиталдык оңдоо жана асфальттоо” долбору,
- жалпы суммасы 5833025 (беш миллион сегиз жүз отуз үч миң жыйырма беш) сом,
- дем берүүчү грант эсебинен 3000000 (үч миллион) сом,
- өздүк салым 2833025 (эки миллион сегиз жүз отуз үч миң жыйырма беш) сом.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага: | А.А. Досов |