Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын II чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 3/5
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган “Мойнок” каналын жана “Абдыкерим” БСРин Жумгал суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” №207 токтомун жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Куйручук-Кызарт айылдык кеңеши,токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 12000 метр узундуктагы, 108000 кв.м аянтты ээлеген “Мойнок” каналы жана №301 контурунда жайгашкан, 2,4 га жер аянтын ээлеген “Абдыкерим” БСРи Жумгал суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилсин;
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |