Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги II-сессиясынын отурумунун
2024-жылдын 20-декабры № 8
“Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымдардын суммасын бекитүү жөнүндө”
Кулунду айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы А. Асраловдун жана Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүкбоюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Д. Жусупалиевдин баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин 2-сессиясы күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Түрткү берүүчү грантына сунушталуучу долбоорго Кулунду айыл өкмөтү тарабынан төмөнкү өздүк салымды жергиликтүү бюджетинен каржылоого макулдук берилсин:
Лейлек районунун Өнүктүрүү фондуна;
“Борттуу жүк ташуучу Isuzu NPR UNIC КМЖ жана Hyundai Porter II маркасындагы унааларды сатып алуу” долбоору,
- жалпы суммасы 5700000 (беш миллион жети жүз миң) сом,
- фондтун эсебинен 4500000 (төрт миллион беш жүз миң) сом,
- өздүк салым 1200000 (бир миллион эки жүз миң) сом.
3.Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага: | А.А. Досов |