КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги II-сессиясынын отурумунун
2024-жылдын 20-декабры № 9
“Кулунду айыл аймагындагы жерлерди бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо), ижарага берүү жана программасын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун маалыматын, Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги 2-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №2-протоколунун чечиминин 3-пунктунун негизинде
- Кулунду айыл өкмөтүнүн экономикасын өстүрүү, жаратылышын жашылдандыруу, элди жумуш менен камсыз кылуу максатында, Кулунду айылдык кеңешинин 08.02.2022-жылдагы №7/5 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизип, Кулунду айыл аймагынын Максат айылынын түштүгүндө жайгашкан №11- контурунда жайгашкан 13,20 га аянты жайыт жер, №15-контурунда жайгашкан 44,50 га аянты жайыт жер. №11-контурунда жайгашкан №2-участок ээлеген 9,80 га, №3-участок ээлеген 10,0 га, №4-участок ээлеген 6,30 га, №5-участок ээлеген 4,50 га, №6- участок ээлеген 8,60 га, №7-участок ээлеген 7,0 га, №8-участок ээлеген 7,50 га, №9-участок ээлеген 8,60 га, №10-участок ээлеген 17,40 га, №11-участок ээлеген 1,70 га жер аянттары жайыт жерлер.№10-контурунда жайгашкан №12-участок ээлеген 32,30 га, №13- участок ээлеген 40,0 га, №14-участок ээлеген 6,30 га, №15-участок ээлеген 2,0 га, №17-участок ээлеген 26,80 га, №18-участок ээлеген 7,20 га, №19- участок ээлеген 16,30 га, №20-участок ээлеген 10,90 га жер аянттары жайыт жерлер. №16-участок ээлеген №7- контурунда жайгашкан 7,20 га аянты жайыт жер, №10-контурунда жайгашкан 11,9 га жайыт жер. Жалпысынан 300,0 га жайыт жерин “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жайыт жер тилкесин, кайрак айдоо түрүндөгү “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына которууга (тарнсформациялоого), ижарага берүүгө макулдук берилсин жана программасы бекитилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.