Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I-чакырылышынынIV-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 22-февралындагы № 16
Швецария ѳкмѳтү жана Швецария жана кызматташтык Агенттиги тарабынан каржыланып жаткан айыл аймагында “Жергиликтүү деңгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу долбооруна каралган акча каражаты тууралуу
Швецария Ѳкмѳтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында дараметин жогорулатуучу грант катары бериле турган 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сомду туура пайдалануу максатында Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Швецария Ѳкмѳтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан жергиликтүү жамааттардын дараметин жогорулатуучу грант катары бөлүнүп жаткан 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты Барскоон айыл аймагынын 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине кириштелсин.
2. Жети-Ѳгүз райондук финансы башкармалыгынан дараметти жогорулатуучу грант катары бөлүнгөн 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражатын аппарат бѳлүмүнүн атайын эсептик счетуна 2215 беренесине кошумча бекитип берүү жагы суралсын.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаев грантты максаттуу пайдалануу боюнча сунушун берсин.
4. Токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы-экономикалык, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияга (А.Букаровго) тапшырылсын.
Төрага Ажыбеков Ч.А