“Кулунду айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө» Кулунду айыл Окмотунун 2024-жылга такталган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан 2025-2026-2027-жылдарга берилген контролдук цифра боюнча Кулунду айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика жана бюджет бөлүмүнүн башчысы И. Алимбаевдин билдирүүсүн угуп, Кулунду айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджети жана 2025-2026-2027-жылдарга болжолу «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде түзүлгөндүгүн белгилеп, Кулунду айылдык кеңешинин кезексиз IV-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, IV-сессиясынын отурумунун №4-протоколунун чечиминин 1-2-пункттарынын негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ: - Кулунду айыл өкмөт башчысынын 2024-жылга карата жылдык отчету канааттандырарлык деп табылсын.
- Кулунду айыл өкмөтүнүн 2024-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичиндеги бюджет атайын каражаттарды кошкондо 59346,0 (элүү тогуз миллион үч жүз кырк алты) миң сом эсебинде кирешеси жана 49242,2 (кырк тогуз миллион эки жүз кырк эки) миң сом чыгашалары №1, 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кулунду айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашалары 44717,6 (кырк төрт миллион жети жүз он жети миң алты жүз) сом өлчөмүндө №3,4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кулунду айыл өкмөтүнүн атайын эсебиндеги каражаты түшкөн каражаттары Кулунду айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары катары эсептелинсин. Киреше жана чыгашалары 156,0 (жүз элүү алты) мин сом өлчөмүндө №5,6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- 2025-жылга Кулунду айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан бөлүнгөн 20105,3 миң (жыйырма миллион жүз беш миң үч жүз) сом теңдештирүү грант №7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- 2025-жылга Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине чогулуучу салыктардын нормативдик өлчөмдөрү №8-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Лейлек башкармалыгынын казына бөлүмү аркылуу Кулунду айыл өкмөтүнүн аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар жана атайын каражаттар Кулунду айыл өкмөтүнүн эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына жетишилсин. Кулунду айыл өкмөтүнүн администрациясына жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы тапшырылсын.
- 2025-жылга Кулунду айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарын каржылоо, анын киреше бөлүгү аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, анын ичинен биринчи кезекте корголуучу беренелерге (Эмгек акы төлөө, социалдык фондго чегерүү) жана коммуналдык кызматтарга, тамак-аш, дары-дармекке чыгымдала тургандыгы белгиленсин.
- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Кулунду айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү жана айылдык клубдар, китепканалар, социалдык коргоо жактан жеңилдиктерге айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралган турак жайларды оңдоп-түзөөө каржылаганга чейин бардык деффектик актысы комиссиясы аныкталгандан кийин сметанын негизинде каржылансын.
- 2025-жылдын 1-январына бюджеттик каражаттардан калган 2272174 с 75 т (эки миллион эки жүз жетимиш эки миң жүз жетимиш төрт сом жетимиш беш тыйын) акча каражаттарынын сметасы №9-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- 2025-жылдын 1-январына атайын каражаттардан калган 101146 сом 09 т (жүз бир миң жүз кырк алты сом тогуз тыйын) акча каражаттарынын сметасы №10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- 2025-жылдын 1-январына атайын каражаттардан депозит бөлүмүнө калган 53518сом 40т (элүү үч миң беш жүз он сегиз сом кырк тыйын) акча каражаттарынын сметасы №11-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кулунду айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каржыланбай калган чыгымдар 2025-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.
- Кулунду айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөр айылдык кеңештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.
- Кулунду айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджети 2025-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
|