Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I-чакырылышынынIV-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 22-февралындагы № 17
Кырман участкасына соода логистикалык борборун
курууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барскоон айыл аймагында калкка кызмат көрсөтүүчү түзүмдүк бөлүмдөрдү ачуу менен кошумча жумушчу орундарын түзүү максатында муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Барскоон жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагынын Барскоон айылындагы кырман участкасындагы 1,10 га жер тилкесине Кыргыз Республикасынын Кооперативдер ассоциациясы менен биргеликте логистикалык борбор уюштуруу демилгеси жактырылсын жана макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөт башчысы А.Т.Асанбаев токтомго ылайык логистикалык борборду уюштуруу боюнча керектүү иш кагаздарын даярдап, уюштуруу маселелерин чечсин.
3. Токтом айыл аймактын веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ажыбеков Ч.А.