Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-мартындагы № 2893-VII
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Гайпкулов Искандер Торобаевичти ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Гайпкулов Искандер Торобаевичтин өз каалоосу боюнча кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арызы эске алынсын.
2. Өз каалоосу боюнча жазуу жүзүндөгү арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Гайпкулов Искандер Торобаевич ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н. Тургунбек уулу |