КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХX сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 2
Кызыл-Үңкүр айыл Өкмөтүнүн Алтын-Кыя айылынын М. Жолдошов көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги жерден бала бакча куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Кызыл-Үңкүр айыл Өкмөтүнүн Алтын-Кыя айылынын М. Жолдошов көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги жерден бала бакча куруу жөнүндөгү Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Арапбай уулу Азим-Шахтын сөзүн угуп жана талкуулап Кызыл-Үнкүр айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-беренесине таянып, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин айыл өкмөттүн реестрине алуу боюнча токтом кылат:
1.Кызыл-Үңкүр айыл Өкмөтүнүн Алтын-Кыя айылынын М Жолдошов көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги 0,23 га жер участогуна бала бакча куруу үчүн Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болуп бекитилсин.
2.Ажыратылып берилген жер тилкесине мөөнөтсүз пайдалануу жөнүндөгү мамлекеттик акт даярдап алуу жагы райондук архитектура жана райондук жер ресурстары кызматынын Базар-Коргон филиалынан суралсын.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Арапбай уулу Азим-Шахка жана Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин токой чарбасы,жер , айыл чарбасы жана экология ,билим жана маданият,саламаттыкты сактоо ,архитектура курулуш ,транспорт маселелери боюнча туркутуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Бул токтомду мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”мыйзамына ылайык
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына
Төрага: | Көчөров Т.А |