Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги V-сессиясынын отурумунун токтому
2025-жылдын 19-февралы № 26
“Кулунду айыл аймагы боюнча турак жай имараттарына жана жайларга салыктын өлчөмүн бекитүү жөнүндө”
Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 14-пунктунда көрсөтүлгөн маселелерди аткарууга алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379-380-беренелерине ылайык Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги 5-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №5-протоколунун чечиминин 7-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-пунктуна кирген маселелерди ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379-беренесинин 1-пунктунун 1-бөлүмчөсүнө ылайык турак жай имараттарына эсептелинүүчү салык өлчөмдөрүнүн коэффициенттери Салык Кодексинин 379-беренесинин 3-пунктуна ылайык салык өлчөмдөрү 3 жылда бир жолу каралсын.
2. 2025-жылдын 01-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин Кулунду айыл аймагы боюнча турак жай имараттарына жана жайларга салыктын өлчөмү 1чарчы метрге 10 (он) сом деп бекитилип берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.А. Досов |