Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I-чакырылышынынIV-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 22-февралындагы № 18
Барскоон айыл аймагындагы имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы кѳрүнүшү боюнча талаптардын жалпы жобосун бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жѳнүндѳ”, “Жарнама жөнүндѳ”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Барскоон айыл аймагынын айылдарында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы кѳрүнүшү боюнча талаптардын жалпы жобосун бекитүү тууралуу маселени талкуулап, муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Барскоон жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы кѳрүнүшү боюнча талаптардын жалпы жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Барскоон айыл өкмөт башчысы А.Т.Асанбаев айыл башчылары менен биргеликте бекитилген жобонун негизинде уюштуруу иштерин алып барсын жана 2025-жылдын 9 айлыгынын жыйынтыгы менен аткарылган иштер тууралуу сессияда отчет берсин.
3. Токтом айыл аймактын веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага Ажыбеков Ч.А