Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I-чакырылышынынIV-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 22-февралындагы № 19
Барскоон айылындагы чоң тегирмен жайгашкан жер тилкесин тактоо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, муниципалдык мекчикти максаттуу пайдалануу аркылуу киреше табуу жөнүндө Караколка айыл башчысы М.Ибаковдун сунушун угуп, муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Барскоон жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагынын Барскоон айылындагы чоң тегирмендин жер тилкеси кошуна жайгашкан Барскоон айылынын тургуну А.Келгенбаев менен такташып, макулдашылган чектер менен бөлүп чыгуу сунушу жактырылсын жана макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
3. Токтом айыл аймактын веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ажыбеков Ч.А.