Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы

2023-жылдын 29-сентябры  № 1

Кызыл-Үнкүр,Могол ,Арстанбап айыл аймактарын  жана Талдуу-Булак айыл аймагынын Көк-Алма айылын ирилештирилип бириктирүү  жөнүндө

 

           Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралары жөнүндө» ПЖ №350 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинде болгон кеңешмесинин № 20-12сандуу протоколунун 5-пункутунда көрсөтүлгөн тапшырмалардын жана Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйындырдын протоколунун негизинде  Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VIII  чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы токтом кылат:

            1. Кызыл-Үнкүр, Могол ,Арстанбап айыл аймактары  жана Талдуу-Булак айыл аймагынын Көк-Алма айылын ирилештирилип бириктирүүгө макулдук берилсин. 

            2. Бириккен айыл аймактар Арстанбап-Ата айыл аймагы деп аталсын.

            3.Бириккен Астанбап-Ата айыл аймагынын административдик борбору Ооган-Талаа айылында жайгашсын.

            4.Бириктирилип жаткан айыл аймагына керектелүүчү иш кагаздарын даярдап, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясына тапшыруу жагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Аманкуловко тапшырылсын.

             5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үнкүр айылдык  кеңешинин мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо маселелери боюнча  туруктуу комиссиясынын курамына  милдеттендирилсин.

            6. Бул токтом мамлекттик тилде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кызыл-Үңкүр айыл Өкмөтүнүн www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

Төрага:

Көчөров Т.А