Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I-чакырылышынынIV-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 22-февралындагы № 20
Барскоон айылынын тургуну А.Иманбековго жер
тилкесин бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 3-4-пунктарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобону бекитүү тууралуу” 2022-жылдын 31-майындагы №291-токтомуна ылайык, Барскоон айылынын тургуну А.Иманбеков тууралуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевдин жана жер, муниципалдык менчик, жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адиси И.Исашовдун билдирүүлѳрүн угуп талкуулап, Барскоон жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Барскоон айылынын тургуну А.Иманбековго айылдын эски алма бак аймагынан жеке турак жай салуу үчүн 0,8 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. А.Иманбековго бөлүнгөн жер тилкесинин бекитилген чектик ѳлчѳмүн Жети-Ѳгүз райондук жер мунапысын жүргүзүү комиссиясына сунуштоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобону бекитүү” тууралуу №291-токтомуна ылайык тиешелүү иштерди алып баруу жагы Барскоон айыл ѳкмѳт башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
3. Токтом айыл аймактын веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ажыбеков Ч.А.