Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-декабрындагы № 4-14-30
Амбулаторная көчө Жапаров Канатбек Шейшекеевич көчөсү деп өзгөртүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кемин шаарынын Амбулаторная көчөсүнүн тургундарынын Амбулаторная көчөнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө пикирин эске алып, КР Эмгек сиңирген дарыгери Джапаров Канатбек Шейшекеевичтин урматына Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Амбулаторная көчө Жапаров Канатбек Шейшекеевич көчөсү деп өзгөртүлсүн.
2. Көчөнүн аталышын өзгөртүүгө байланыштуу чыгымдар арыз берүүчү тараптын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Кемин райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы, Кемин райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кемин шаарынын вице-мэри Т. б. Сыдыковго жүктөлсүн.
Председатель | Д.А. Мусаев |