Редакцияот 11.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезекcиз чакырылган XIV сессиясы

 

2023-жылдын 11-мартындагы № 21

 

Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба техникасын ижарага берүү келишимин узартуу жөнүндө

Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба техникасын мыйзам чегинде келишимдин мөөнөтүн узартып берүү жөнүндө комиссия курамынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XIV ессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба техникасын (Беларус-82.1 жана пресс подборщик “Tukan») ижарага берүү мөөнөтү 3 жылга узартылсын жана жылына 150,0 миң сомдон ижара акысы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө төгүлсүн.

 

2. Баанын өсүүсү же төмөндөөсүнүн негизинде келишимде көргөзүлгөн баалар өзгөрүүсү мүмкүн.

 

3. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн http://toguz-toro-ao.org.kg расмий веб-сайтына жарыялоо жана областык юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттосунан өткөрүү жагы жагы жооптуу катчы З.Акуновага тапгшырылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.

 

 

Тогуз-Торо айылдык Кенешинин төрагасы

 

У.Токтожумаев