Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-декабрындагы № 5-14-30
Кемин шаарынын мэриясынын административдик укук бузууларды кароо боюнча административдик комиссиясынын Жобосун бекитүү жөнүндө
Кемин шаарынын аппарат жетекчисинин сөзун эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамды жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Административдик кодексинин 509 беренесине ылайык, Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаарынын мэриясынын административдик укук бузууларды кароо боюнча административдик комиссиясынын Жобосу бекитилсин.
2. Кемин шаарынын мэриясы административдик укук бузуларды кароодо толугу менен ушул Жобону так жетекчиликке алсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын Кемин шаардык кеңешинин туруктуу социалдык маселелер, мыйзамдуулук жана укук коргоо боюнча комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Д.А. Мусаев |