КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-декабрындагы № 1-14-30
Социалдык-экономикалык пландын өнүктүрүү аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө Кемин шаарын 2023 жылдын 9 айына
2023-жылдын 9 айында аткарылган иштер жана Кемин шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын аткарылышы боюнча мэрдин берген отчёту каралды. Депутаттардын пикирлерин, талкуулоо жана алмашуу эске алып Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2023-жылдын 9 айында аткарылган иштер жана Кемин шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жөнүндө мэрдин берген отчету эске алынсын
Мэр К. З. Абдывалиев ушул жылдын аягына чейин шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын коюлган милдеттеринин аткарылышын күчөтсүн жана көзөмөлгө алсын.
- Подряддык уюмдар тарабынан конкурстардын өтүшүнө,сапатына,жумуштардын аткарылышынын мөөнөтүнө көзөмөлдү күчөтсүн.
- Мэриянын аппаратынын аткаруу жана эмгек тартибине контролду күчөтүү.
- Бардык айтылган сын-пикирлер боюнча аларды четтетүү боюнча чараларды көрсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардын мэри К. Абдывалиевге жүктөлсүн .
Төрага | Д. Мусаев |