ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезекcиз чакырылган XIV сессиясы
2023-жылдын 11-мартындагы № 15
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XXII шайланышынын) кезексиз XIV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2022-жылга аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2022-жылга киреше бөлүгү 16206,3мин сом,чыгаша бөлүгү 15411,7 мин сом болгондугу жана чыгымдардын максаттуу пайдаланылгандыгы белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
4. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн http://toguz-toro-ao.org.kg расмий веб-сайтына жарыялоо жагы жооптуу катчы З.Акуновага тапгшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык Кенешинин төрагасы |
| У.Токтожумаев |