Редакцияот 21.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезекcиз чакырылган XVII сессиясы

 

2023-жылдын 21-июнундагы № 31

 

Швейцария мамлекети каржылаган ОО”Хелси фьючер” жана “Ассоциация Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери” жарыялаган долбоорго катышып грант утуп алган ОО”Хелси фьючер” тарабынан биринчи траншы катары 850,0мин сом акча каражаты келип түшкөн акча каражатын кошумча план кылып киргизүү жөнүндө

Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин 6 айына пландан ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план кылып киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезекcиз чакырылган XVII сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн атайын каражатына 4408051253001126 аппараттын киреше бөлүгүнүн 14411100 беренесине 850,0 мин сом жана чыгаша бөлүгүнүн 31123290 беренесине 850,0 миң сомду кошумча план болуп киргизилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Тогуз-Торо айылдык Кенешинин төрагасы

 

У.Токтожумаев