Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-мартындагы № 122 токтомуна) |
Риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациядан өткөрүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациядан өткөрүү тартиби (мындан ары - Тартип) риелтордук фирманын агентинин сертификатын алуу укугуна талапкерлигин койгон Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк рыногунда иштеген жеке жакты окутуу жана аттестациядан өткөрүү жол-жобосун аныктайт.
2. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) өтүнмө ээси - ушул Тартипке ылайык аттестациядан өтүүгө өтүнмө берген жеке адам;
2) аттестациялоо - кыймылсыз мүлк рыногунда кызмат көрсөтүүлөр үчүн өтүнмө ээсинин кесиптик билимин жана көндүмдөрүн ырастоонун жол-жобосу;
3) сертификат - өтүнмө ээсинин риелтордук кызматтарды көрсөтүүгө квалификациясын ырастоочу документтик күбөлүк;
4) жооптуу орган - риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациялоо жол-жоболорун камсыз кылуучу орган;
5) аттестациялык комиссия - риелтордук фирманын агентинин сертификатын берүү үчүн өтүнмө ээсин аттестациядан өткөрүү боюнча жооптуу орган тарабынан түзүлгөн орган;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - риелтордук иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу мамлекеттик орган.
2-глава. Риелтордук фирманын агентин окутуу
3. Риелтордук фирманын агентин окутуу жооптуу орган тарабынан риелтордук иш чөйрөсүндө курстарды уюштуруу аркылуу жүргүзүлөт.
4. Окутуу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатууну, ижарага алууну жүзөгө ашыруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын изилдөө;
2) кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу тартиби;
3) сатуу, маркетинг техникасы;
4) кыймылсыз мүлк рыногун талдоо методологиясы жана ага мониторинг жүргүзүү;
5) кыймылсыз мүлк объекттеринин рыноктук наркын аныктоо (кыймылсыз мүлктү баалоо);
6) риелтор кесибине сүңгүп кирүү, документтерди регламенттөө, бүтүмдөрдү уюштуруу, кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү салык салуу;
7) курулуштун жана архитектуранын негиздери.
5. Окутуу акы төлөнүүчү негизде онлайн жана оффлайн форматта жүргүзүлөт. Окутуу үчүн акынын өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жооптуу орган тарабынан белгиленет.
6. Окутуу жооптуу органдын окуу-тематикалык пландарына, программаларына ылайык жүргүзүлөт.
3-глава. Аттестациялоонун негизги принциптери, максаттары, милдеттери
7. Аттестациялоонун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат: аттестациянын системалуулугу, ачыктыгы, объективдүүлүгү, басмырлоого жол бербөөсү, таасирдүүлүгү жана мыйзамдуулук.
8. Аттестациялоонун максаты риелтордук фирманын агентинин кесиптик квалификациясын ырастоо, Кыргыз Республикасында риелтордук ишти жүзөгө ашырууга билим деңгээлин жогорулатууга дем берүү болуп саналат.
9. Риелтордук фирманын агентин аттестациялоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кесиптик компетенттүүлүгүнүн шайкештигин белгилөө;
2) квалификациясын жогорулатуу зарылдыгын аныктоо;
3) кыймылсыз мүлк рыногунда бүтүмдөрдү жана операцияларды жасоо боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
4) риелтордук фирманын агентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө ишеним деңгээлин жогорулатуу;
5) агенттердин ортосундагы толеранттуулук деңгээлин жогорулатуу.
4-глава. Аттестациялоону жүргүзүү
10. Аттестациялоо өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча анын кесиптик квалификациясынын шайкештигин ырастоо жана риелтордук фирманын агентинин сертификатын алуу үчүн жүргүзүлөт.
11. Аттестациялоо риелтордук фирманын агентинин баштапкы жана учурдагы квалификациясын (кайра аттестациялоону) ырастоочу болушу мүмкүн. Сертификаттын жарактуу мөөнөтү беш жыл.
12. Аттестациялоо акы төлөө негизинде өтүнмө ээсинин эсебинен жүргүзүлөт. Аттестациялоо үчүн акынын өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жооптуу орган тарабынан белгиленет.
13. Аттестациялоо жооптуу орган бекиткен программага жана графикке ылайык жүргүзүлөт. Бекитилген график аттестацияны өткөрүү датасын, убактысын жана ордун камтыйт жана жооптуу органдын расмий сайтына жарыяланат.
14. Аттестациядан өтүү үчүн документтердин пакети:
1) 1-тиркемеге ылайык өтүнмө;
2) жалпы орто жана/же орто кесиптик жана/же жогорку кесиптик билими жөнүндө аттестаттын (дипломдун) көчүрмөсү;
3) паспорттун көчүрмөсү;
4) риелтордук фирманын сунуштама каты.
15. Көрсөтүлгөн документтер электрондук форматта жооптуу органдын расмий сайтында көрсөтүлгөн электрондук дарекке да берилиши мүмкүн.
5-глава. Өтүнмө берүүчүлөргө коюлган талаптар
16. Аттестациядан өтүү үчүн өтүнмө ээси төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) жалпы орто жана/же атайын кесиптик жана/же жогорку кесиптик билимге ээ болушу;
2) соттуулугунун жоктугу же жоюлган соттуулугунун болушу;
3) психиатрия жана наркология борборунан каттоодо турбагандыгы тууралуу маалымкат.
6-глава. Аттестация өткөрүүнү уюштуруу
17. Аттестацияны уюштуруу жана өткөрүү жооптуу орган тарабынан окутуу жана аттестациялоо программасына ылайык жүзөгө ашырылат.
18. Аттестация өткөрүү жөнүндө маалымат жооптуу органдын сайтында же жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылат.
19. Аттестацияны өткөрүү үчүн аттестациялык комиссия түзүлөт, анын курамы жооптуу органынын жетекчисинин чечими менен бир жылдык мөөнөткө бекитилет.
20. Аттестациялык комиссиянын сандык курамы жети адамдан кем эмес так сан менен белгиленет.
21. Аттестациялык комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын, окуу жайлардын өкүлдөрү, милдеттүү тартипте риелтордук иш чөйрөсүндөгү кесиптик бирикмелердин жана ассоциациялардын өкүлдөрү, нотариустар жана риелтордук кызмат көрсөтүү менен байланышкан башка чөйрөлөрдүн өкүлдөрү тартылат.
22. Аттестациялык комиссия белгиленген тартипте:
1) аттестациялоо үчүн тесттик суроолорду иштеп чыгат;
2) квалификациялык сынактарды (тесттерди) өткөрүүнүн тартибин жүзөгө ашырат;
3) өтүнмө берүүчүнү аттестациядан өткөрөт;
4) апелляцияларды, сынакты кайра алууга өтүнмөлөрдү карайт;
5) сертификатты берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
6) аттестация өткөрүү тартибинин маселелери боюнча консультация берет;
7) аттестация өткөрүү процессинде келип чыккан талаш маселелерди карайт;
8) сертификаттын жарактуулугун токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечим кабыл алат.
23. Аттестациялык комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
24. Аттестациялык комиссиянын чечимдери протоколго (2-тиркеме) ылайык таризделет жана аттестациялык комиссиянын бардык мүчөлөрү жана катчысы тарабынан кол коюлат.
25. Аттестациялык комиссиянын жыйналышы анын курамынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышканда мыйзамдуу болуп эсептелет, чечимдер катышкандардын санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
26. Аттестация өткөрүүдө мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана кесиптик бирикмелердин жана ассоциациялардын башка өкүлдөрүнүн катышуусуна жол берилет.
27. Аттестациядан өтпөгөн адамга анын 3 айдан эрте эмес убакытта кайталап тапшыруусуна жол берилет.
28. Өтүнмө ээлеринен документтерди кабыл алуу аттестацияны өткөрүүнүн белгиленген датасына чейин эки ай калганда башталат жана аттестация башталганга чейин он жумуш күн калганда токтотулат.
29. Аттестация эки тур менен өткөрүлөт:
1) биринчи тур теориялык суроолордон турган тестирлөө формасында, кесиптик даярдыктын деңгээлин объективдүү жана ачык баалоо, ошондой эле кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү боюнча квалификациясынын жана билим деңгээлин аныктоо максатында өткөрүлөт. Тестирлөө мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.
2) экинчи тур өтүнмө ээсинин билимин, иш тажрыйбасын ырастоо жана потенциалын, өтүнмө ээсинин риелтордук кызмат көрсөтүүгө даярдыгын ачуу максатында аңгемелешүү формасында өткөрүлөт.
30. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча өтүү баллы 60%дан кем эмес оң жоопторду түзөт.
31. Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча өтүү баллын топтогон талапкерлер экинчи турга чакырылат.
32. Аттестациялык комиссия экинчи тур боюнча сынакты тапшыруунун ийгиликтүүлүгүн жөнөкөй добуш берүү менен (көпчүлүк добуш менен) аныктайт.
33. Аттестациялык комиссиянын ар бир мүчөсү аттестацияны объективдүү өткөрүү, ошондой эле өтүнмө ээсинин кесиптик жана жеке сапаттарын белгилөө максатында окутуу программасынын темалары боюнча суроолорду берет жана өтүнмө ээлерине баа берет (0 баллдан 10 баллга чейин).
34. Алынган жыйынтык баллдарга ылайык (өтүнмө ээси эки турдун жалпы баллынын суммасы 60% жана андан жогору алган учурда) аттестациялык комиссия аттестациядан ийгиликтүү өткөндүгү жөнүндө чечим чыгарат.
35. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча жооптуу орган тарабынан риелтордук фирманын агентинин сертификаты берилет.
7-глава. Сертификаттын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу)
36. Сертификаттын колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
- ал берген мөөнөт аяктаганда (мөөнөтү болгондо);
- сертификат ээси каза болгон, дайынсыз жоголду деп таанылган, өлдү деп жарыяланган учурда;
- аттестациялык комиссиянын чечими боюнча.
37. Аттестациялык комиссиянын чечими боюнча сертификаттын колдонулушу токтотулат:
- риелтордук кызматтарды көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы тууралуу сертификаттын ээсинин жазуу жүзүндөгү кабарлоосунун негизинде;
- эгерде сертификаттын ээси аны берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып алты айдын ичинде сертификатты алуу үчүн кайрылбаса;
- жарандыгы токтотулганда.
38. Сертификат аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:
- өтүнмө ээси тарабынан сертификатты алууга берилген өтүнмөдө жана ага тиркелген документтерде анык эмес маалыматтар берилгенде;
- риелтордук кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти жөнгө салуучу мыйзамдарды бузгандыгы үчүн сертификаттын ээсине 12 ай катары менен эки же андан көп эскертүү берилгенде.
39. Аттестациялык комиссиянын чечиминде көрсөтүлгөн күндөн тартып сертификат жокко чыгарылды жана анын колдонулушу токтотулду деп эсептелет.
40. Сертификаттын жарактуулугун токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө аттестациялык комиссия кабыл алган чечим тууралуу сертификаттын ээсине чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарланат.
8-глава. Риелтордук фирманын агенттеринин реестри
41. Риелтордук фирманын аттестацияланган агенттеринин реестрин жооптуу орган жүргүзөт.
42. Риелтордук фирманын агенттерин аттестациялоо жөнүндө маалыматты жооптуу орган тарабынан белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын кайсы болбосун жараны, чет мамлекеттин жараны же жарандыгы жок адам алууга укуктуу.
|
| Риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациядан өткөрүү тартибине 1-тиркеме |
1-форма
Аттестациялык комиссиянын
төрагасы _________________________________________________________
Аттестациялоого өтүнмө
Бишкек ш. 202___-ж. "___" ____________
Мен _________________________________________________________________________________
(өтүнмө ээсинин толук аты-жөнү)
"риелтордук фирманын агенти" квалификациясы боюнча аттестациялоону суранам.
1. Өтүнмө ээси жөнүндө маалымат:
Иш жүзүндө жашаган дареги:
____________________________________________________________________________________
Телефон (кызматтык, уюлдук):
____________________________________________________________________________________
Билими, адистиги:
____________________________________________________________________________________
Окуу жайдын аталышы, бүткөн жылы, адистиги:
____________________________________________________________________________________
2. Кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү кесиптик даярдыгынын бар экендиги жөнүндө маалымат
(курстар, семинарлар ж.б.): ____________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
окуу жайдын аталышы, окуган жери, окуган мезгили
3.Мурунку аттестациядагы сертификаттын номери (кайра аттестациялоодо):
____________________________________________________________________________________
4. Кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы (болсо):
____________________________________________________________________________________
Мен аттестациянын бардык шарттарын аткарууга милдеттенем жана аттестациялоого катышууга
даяр экенимди ырастайм 20___-жылдын "___" ____________ ________ саат, Бишкек ш. _________
________________________________________________________________________ дареги боюнча
өткөрүлгөн жердин, убакыттын же датанын өзгөрүшү жөнүндө маалыматты төмөнкү телефон
_______________________________________________________________________________ e-mail
____________________________________________________________ аркылуу билдирүүнү суранам
Ушул өтүнмө менен өзүмдүн жеке маалыматтарымды чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугумду берем.
Өтүнмөгө тиркелген документтердин тизмеси:
1.
2.
ж.б.
_____________________________________ __________________________________________
колу аты-жөнү
_____________________________________
Дата
|
| Риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациядан өткөрүү тартибине 2-тиркеме |
2-форма
Аттестациялык комиссиянын протоколу
Өткөрүү орду:
Өткөрүү датасы:
Өтүнмө ээси:
____________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
Аттестациялык комиссия:
1. Төрага
2. Жооптуу катчы
3. Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү
Аттестациянын биринчи турун өткөрүү формасы: агенттин
_____________________________________________________________________________________
сертификатын алуу укугуна тестирлөө
Суроолордун саны: ____________________________________________________________________
Туура жооптордун саны: ________________________________________________________________
Аттестациянын экинчи турун өткөрүү формасы: агенттин сертификатын алуу укугу үчүн
аңгемелешүү __________________________________________________________________________
Суроолордун саны: _____________________________________________________________________
Канааттандырган жооптордун саны: _______________________________________________________
Аттестациялык комиссиянын корутундусу: __________________________________________________
Сынак комиссиясынын мүчөлөрүнүн колу:
1. Аты-жөнү ________________________________
колу
2. Аты-жөнү _________________________________
колу