Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 169-т тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) аткаруу бийлигинин органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишин координациялоо жана оптималдаштыруу үчүн өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырууга арналган координациялык кеңешүүчү орган болуп саналат.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссиянын ишин, анын ичинен жыйналыштарды уюштуруу жана өткөрүү маселелерин камсыз кылуучу анын аткаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - ИИМ) саналат.
2-глава. Комиссиянын милдеттери
4. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо деңгээлин жогорулатуу жана жол-транспорт кырсыктарынын кесепеттеринин оордугун төмөндөтүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ченемдик укуктук негизди өркүндөтүү;
3) жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана алардын кесепеттеринин оордугун төмөндөтүү максатында аткаруу бийлигинин органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо.
3-глава. Комиссиянын функциялары
5. Комиссия жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын ишин координациялайт, бул чөйрөдөгү милдеттерди натыйжалуу чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүнү уюштурат;
2) министрликтердин жана ведомстволордун ортосундагы өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугу маселелери боюнча эл аралык жана региондук өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзөт;
3) макулдашуу жана андан ары ишке ашыруу үчүн жол кыймылынын коопсуздугуна тиешелүү стратегиялык пландардын долбоорлорун карайт, анын ичинде жол кыймылы чөйрөсүндөгү укук бузууларды алдын алууга багытталган программаларды жана долбоорлорду баалоого катышат;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик саясатты түзүү жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
5) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерге байланышкан программалык документтердин аткаруучуларын дайындайт жана макулдашат, ошондой эле бул жаатта чараларды пландоо жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
6) жол кыймылынын коопсуздугу жаатында кабыл алынган чаралар жөнүндө ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана коомчулукту маалымдоо үчүн Комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдерди жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоону камсыз кылат;
7) эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе, ушул Жободо каралган башка функцияларды аткарат.
4-глава. Комиссиянын укуктары
6. Комиссия өз функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардын ишин уюштурууга, координациялоого, өркүндөтүүгө жана натыйжалуулугун баалоого тиешелүү чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле бул чечимдердин аткарылышын контролдоого;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимин талап кылган маселелер боюнча мыйзамда белгиленген тартипте сунуштарды киргизүүгө;
3) өлкөнүн жолдорундагы аварияларга үзгүлтүксүз талдоо жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кырдаалды жакшыртуу боюнча тыянактар жана сунуштар менен отчет берүүгө, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
4) Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого тиешелүү маселелерди изилдөө, даярдоо жана ишке ашыруу үчүн убактылуу же туруктуу негизде ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүүгө;
5) ар кандай ведомстволордон жана уюмдардан ресурстарды жана адистерди тартууга, жол кыймылынын коопсуздугу маселелери боюнча чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эксперттик топторду түзүүгө, ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдардын сунуштарынын негизинде курамын, милдеттерин жана иш тартибин аныктоо менен ведомстволор аралык жумушчу топторго катышуу үчүн консультанттарды тартууга;
6) зарыл болгон учурда Комиссиянын курамына кирбеген кызыкдар мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген жыйналыштарды өткөрүүгө, ошондой эле тажрыйба жана зарыл болгон маалыматтар менен алмашуу максатында атайын ведомстволор аралык семинарларды жана кеңешмелерди уюштурууга;
7) өз милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан жана коомдук уюмдардан маалыматтарды, серептерди, ошондой эле техникалык жана консультациялык жардам, анын ичинен өз компетенциясынын маселелери боюнча зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды суроого жана алууга. Комиссия ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү уюштура алат, ошондой эле Комиссиянын ишине катышуу үчүн алардын кызмат адамдарын (алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча) чакыра алат;
8) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча региондук комиссиялардын жана ведомстволор аралык жумушчу топтордун өкүлдөрүнүн маалыматтарын суроого жана өз жыйналыштарында угууга;
9) министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча маалыматтарын жана алар тарабынан көрүлгөн чаралар жөнүндө отчетторду угууга;
10) Комиссиянын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга карата кабыл алынган чечимдеринин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышын сунуштоого;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрбөгөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана уюмдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги тууралуу маселелерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик комитетинин жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин кароосуна киргизүүгө;
12) көчмө жыйналыштарды өткөрүүгө;
13) эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе, ушул Жободо каралган башка укуктарга.
5-глава. Комиссиянын ишин уюштуруу
7. Комиссияны төрага жетектейт.
Комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары саналат.
Төрага жок болгон учурда анын функцияларын Комиссиянын төрагасынын орун басарларынын бири аткарат.
8. Комиссиянын төрагасы (ал жок болгон учурда - төраганын орун басарларынын бири):
1) Комиссиянын жыйналышын алып барат;
2) Комиссиянын жыйналышынын күн тартибин аныктайт;
3) Комиссиянын атынан чыгат;
4) Комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
5) Комиссияны башкаруу боюнча башка функцияларды жүзөгө ашырат;
6) Комиссияга жиберилген жарандардын билдирүүлөрүн жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топторду түзөт;
7) Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү конкреттүү маселелерди изилдөө үчүн комиссиянын курамын бекитет.
9. Комиссиянын мүчөлөрү Комиссиянын жыйналыштарына катышат, күн тартибине сунуштарды киргизет, жумушчу топтордун жана башка комиссиялардын ишине катышат.
10. Комиссиянын жыйналышына объективдүү себептер боюнча катышууга мүмкүн болбогон учурда, Комиссиянын мүчөлөрү добуш берүү укугу менен Комиссиянын жыйналышына катышуу үчүн жооптуу кызматкерлердин бирин жиберүүгө укуктуу.
11. Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле Комиссиянын ишине тартылган башка адамдар өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
12. Добуш берүүдө Комиссиянын төрагасы, анын орун басарлары, ошондой эле Комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуш берүү ачык жүргүзүлөт. Комиссиянын чечимин сырттан добуш берүү жолу менен кабыл алууга жол берилбейт.
13. Комиссиянын катчысынын милдеттери ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басарына жүктөлөт. Катчы Комиссиянын мүчөсү болуп саналбайт жана чечимдерди кабыл алууда добуш берүү укугуна ээ эмес.
14. Комиссия өз ишин ушул Жобого жана ал тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге ылайык уюштурат.
15. Комиссиянын жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
16. Комиссиянын жыйналышынын күн тартибинин долбоору Комиссиянын катчылыгы тарабынан жыйналышка чейин 14 күн мурда түзүлөт жана тиешелүү материалдар менен Комиссиянын төрагасына берилет.
17. Комиссиянын төрагасы тарабынан жактырылган жыйналыштын күн тартибинин долбоору жана тиешелүү материалдар жыйналыш өткөрүлүүчү датага чейин 7 жумуш күндөн кечиктирбестен Комиссиянын мүчөлөрүнө жиберилет. Комиссиянын жыйналышынын күн тартиби Комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен түздөн-түз жыйналышта бекитилет. Күн тартибине өзгөртүүлөр Комиссиянын мүчөлөрүнүн сунушу боюнча киргизилиши мүмкүн.
18. Комиссия анын жыйналышына Комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан шартта, бирок каралып жаткан маселе компетенциясына кирген Комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусунда гана чечим кабыл алууга укуктуу.
19. Комиссия жыйналыштын күн тартибинде каралган маселелердин жыйынтыгы боюнча чечимдерди протокол түрүндө кабыл алат. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда Комиссиянын төрагасы добуш берген чечим кабыл алынды деп саналат. Кворум Комиссиянын мүчөлөрүнүн 2/3 добушунан кем болбоого тийиш.
Чечимдерди кароонун жана кабыл алуунун жүрүшүндө Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө пикирлер милдеттүү түрдө протоколго киргизилет.
20. Комиссиянын жыйналышынын протоколун Комиссиянын катчысы жүргүзөт.
21. Протоколдо Комиссиянын жыйналышынын датасы жана күн тартиби, жыйналышка катышкандар (Комиссиянын мүчөлөрү, жыйналышка чакырылгандар), киргизилген сунуштар, киргизилген сунуштар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле Комиссиянын акыркы чечими жана бул чечим боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары көрсөтүлөт. Протоколго Комиссиянын жыйналышына төрагалык кылуучу кол коёт.
22. Комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү чакырылгандар катары, добуш берүү укугусуз катыша алат.
23. Комиссия өз ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылат жана кызыкдар тараптарга жана коомчулукка өзүнүн жыйналыштарынын жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт. Жыйналыштардын жыйынтыктары боюнча маалымат ачык булактарга жайгаштырылышы мүмкүн.
24. Комиссиянын чечимдери кызыкдар органдарга Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорунан көчүрмө түрүндө жеткирилет.
25. Комиссия кабыл алган чечимдерди аткаруу мамлекеттик органдар тарабынан аларга жүктөлгөн ыйгарым укуктардын алкагында камсыз кылынат.
26. Комиссиянын катчысынын функцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) Комиссиянын уюштуруу-техникалык жана маалыматтык-аналитикалык ишин камсыз кылуу;
2) Комиссиянын жыйналыштарын уюштуруу жана өткөрүү;
3) Комиссиянын чечимдерин аткаруу процессин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;
4) жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын алкагында долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
5) Комиссиянын жыйналыштарына материалдарды жана чечимдердин долбоорлорун даярдоону уюштуруу;
6) Комиссиянын жыйналышынын күн тартибинин долбоорун даярдоо;
7) Комиссиянын боло турган жыйналыштарынын алдын ала күн тартибин, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө сунуштарын Комиссиянын мүчөлөрүнө жөнөтүү;
8) Комиссиянын мүчөлөрүнө Комиссиянын жыйналышы өткөрүлүүчү күнгө чейин 5 жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө жыйналыш өткөрүлүүчү дата, жер жана убакыт жана кароого болжолдонгон маселелердин болжолдуу тизмеги жөнүндө маалымдоо;
9) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, башка юридикалык жактардан Комиссияга жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте чогултуу;
10) Комиссия үчүн анын функцияларын жүзөгө ашырууга зарыл болгон маалыматтарды чогултуу, изилдөө, жалпылоо жана даярдоо;
11) Комиссиянын пландарынын жана чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
12) Комиссиянын жумушчу топтору жана комиссияларынын ишмердүүлүгүн координациялоо.
27. Комиссиянын катчысы пландалган жыйналыш башталганга чейин 7 күн мурда (шашылыш жыйналыш өткөрүлгөн учурда - 2 жумуш күн мурда) Комиссиянын мүчөлөрүнө чакырууларды жөнөтөт жана керектүү материалдарды даярдайт, ошондой эле Комиссиянын мүчөлөрүнүн чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуусун камсыз кылат.
28. Комиссиянын катчысы кезектеги жыйналыш өткөрүлгөндөн кийин 7 жумуш күндүн ичинде Комиссиянын жыйналышынын протоколун жөнөтүүнү камсыз кылат.