Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 169-т тескемесине) |
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча региондук комиссия жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча региондук комиссия (мындан ары - Комиссия) жөнүндө типтүү жобо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын ишинин тартибин, максаттарын, милдеттерин жана функцияларын аныктайт.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссияга отчет берет.
2-глава. Комиссиянын ишинин максаттары жана анын негизги милдеттери
4. Комиссия тиешелүү облустун жана шаарлардын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо деңгээлин жогорулатуу жана жол-транспорт кырсыктарынын кесепеттеринин оордугун азайтуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу максатында түзүлөт.
5. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жол-транспорт кырсыктарында адамдардын өлүмүн жана жаракат алуусун алдын алуу боюнча экономикалык, социалдык, уюштуруучулук, илимий-техникалык, укуктук жана башка чаралардын системасын өркүндөтүүнүн алкагында жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу маселелери боюнча сунуштарды андан ары тиешелүү жергиликтүү аткаруу жана тескөө органдарынын кароосуна киргизүү үчүн даярдоо;
2) маалыматтык-аналитикалык иштерди жүргүзүү, анын ичинде авария жана жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча статистиканы чогултуу жана талдоо, авариялык кырдаалдардын себептерин аныктоо жана Комиссияга берүү үчүн аналитикалык отчетторду даярдоо;
3) жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртуу жана авариянын тобокелдиктерин азайтуу боюнча конкреттүү сунуштарды түзүү максатында региондогу жол кырдаалынын абалы жөнүндө чогултулган маалыматтардын негизинде сунуштамаларды иштеп чыгуу жана талдоо;
4) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдоо максатында региондун аймагында жүргүзүлүп жаткан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды координациялоо;
5) жолдордогу авариянын жана жаракат алуулардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган региондук программаларды жана пландарды даярдоо жана ишке ашыруу үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтордун ишин уюштуруу жана аларга катышуу.
3-глава. Комиссиянын функциялары жана укуктары
6. Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
1) тиешелүү облустун чегинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө жана жергиликтүү аткаруу жана тескөө органдарына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча сунуштарды киргизет;
2) жол кыймылынын коопсуздугунун төмөндөшүнө алып келген себептерди жана шарттарды талдайт жана аларды четтетүү боюнча сунуштарды киргизет;
3) юридикалык жана жеке жактардын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча сунуштарын карайт;
4) жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана алардын кесепеттеринин оордугун азайтуу боюнча иш тажрыйбаны жалпылайт жана жайылтат;
5) өзүнүн жыйналыштарында жол-транспорт кырсыктарынын айрым учурларын карайт жана мындай окуялардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралардын системасын иштеп чыгат;
6) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелерин чагылдырууда жалпыга маалымдоо каражаттарына көмөк көрсөтөт.
7. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Комиссиянын кароосуна киргизилген маселелер боюнча материалдарды даярдоону мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тапшырууга;
2) жол коопсуздугун камсыздоо боюнча аналитикалык, эксперттик жана башка иштерди жүргүзүү үчүн адистерди жана эксперттерди тартууга.
4-глава. Комиссиянын курамы
8. Комиссияларга Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жетекчилик кылат.
9. Комиссиялардын курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин чечимдери менен бекитилет.
10. Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мэриялардын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү коомдоштуктардын, коомдук бирикмелердин, жарандык коомдун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирет.
5-глава. Комиссиянын ишин уюштуруу
11. Комиссиянын ишине анын төрагасы жетекчилик кылат, ал Комиссияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
12. Комиссия өз ишин анын жыйналышында бекитилген Комиссиянын учурдагы жылга иш планына ылайык жүргүзөт. Комиссиянын иш планы анын мүчөлөрүнө жана башка кызыкдар жактарга жөнөтүлөт.
Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча анын кароосуна кошумча маселелер коюлушу мүмкүн.
13. Комиссиянын жыйналыштары зарылчылыкка жараша, бирок кварталына кеминде бир жолу өткөрүлөт.
14. Комиссиянын жыйналыштары анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышканда укуктуу деп эсептелет.
Чечимдер жыйналышка катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда Комиссиянын төрагасынын, ал эми ал жок учурда Комиссиянын жыйналышында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү добуш болуп саналат.
15. Комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет, ага төрага жана катчы кол коёт, ал эми төрага жок учурда - Комиссиянын жыйналышында төрагалык кылуучу жана катчы кол коёт.
16. Комиссиянын катчысы:
1) Комиссиянын жыйналышына материалдарды даярдоону уюштурат;
2) Комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча жыйналышка кызыкдар жактарды чакырат;
3) Комиссиянын мүчөлөрүнө жана кызыкдар жактарга жыйналышты өткөрүү датасы, убактысы жана орду тууралуу маалымдайт;
4) жыйналыш өткөрүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жыйналыштын протоколун тариздейт жана аны Комиссиянын төрагасына бекитүүгө жөнөтөт;
5) протокол бекитилгенден кийин жети жумуш күндүн ичинде аны Комиссиянын мүчөлөрүнө жана кызыкдар жактарга жөнөтөт.
17. Облустун жана шаарлардын жол кыймылын камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөрүнүн Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоо жүктөлгөн жетекчилери материалдарды өз убагында чогултуу жана даярдоо үчүн жоопкерчилик тартат.