Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIXчакырылыштын 3 (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 29-января №22
2025-жылдын аягына карата абалы боюнча малдарды жана үй канаттууларын кайра саноого айлык акыны бекитүү жөнүндө
Гавриловка айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мамыркулов Б “2025-жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин малдын жана үй канаттууларынын бир жолку эсебин жүргүзүүгө” айлык акыларын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мал жана үй канаттууларын эсепке алуу үчүн тартылган кызматкерлерге эмгек акы жана социалдык фонд, ар бир короо-сарайына, авто унаа каражаттарына,күйүүчү майга пайдаланууга жана иш жүзүндөгү чыгымдарды төлөп берүү үчүн Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен 90(токсон) миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ш.Урматовго жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Б.Нааматов |