Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIXчакырылыштын 3 (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 29-января №19
Жер участоктун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, айыл чарба, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын Дуйшоналиев Диннур Талантбековичке таандык Романовка айылындагы, Карла Маркса көчөсүндөгү №1 дарегинде жайгашкан аянты 2500,0 кв.м “Короо жай алдындагы” жер участогунун максаттуу багытын “Көп батирлүү турак жай” курулушуна өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дуйшоналиев Диннур Талантбековичке таандык Романовка айылындагы, Карла Маркса көчөсүндөгү №1 дарегинде жайгашкан аянты 2500,0 кв.м “Короо жай алдындагы” жер участогунун максаттуу багытын “Көп батирлүү турак жай” курулушуна өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Дуйшоналиев Диннур Талантбекович документтерин Сокулук райондук шаар курулушу, архитектура башкармалыгында жана КАДАСТР мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалында кайрадан каттоого милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, айыл чарба, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Т.Борбодоевге жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Б.Нааматов
|
Төрага Ы.Б.Нааматов