Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIXчакырылыштын 3 (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 29-января №18
Муниципалдык менчиктеги,суу пайдалануучулар ассоцияларынын жана алардын бирикмелеринин пайдалануусундагы, ошондой эле ээси жок ирригациялык системаларын Сокулук райондук суу башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Гавриловка айыл аймагынына караштуу Муниципалдык менчиктеги, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана алардын бирикмелеринин пайдалануусундагы, ошондой эле ээси жок ирригациялык системаларын Сокулук райондук суу башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, айыл чарба, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 «Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомунун 3-пунктуна ылайык Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагынына караштуу Муниципалдык менчиктеги, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана алардын бирикмелеринин пайдалануусундагы, ошондой эле ээси жок ирригациялык системаларын Сокулук райондук суу башкармалыгынын балансына №1 тиркемеге ылайык өткөрүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Муниципалдык менчиктеги, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана алардын бирикмелеринин пайдалануусундагы, ошондой эле ээси жок ирригациялык системаларын Сокулук райондук суу башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүдө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы мыйзам чегинде иш алып барсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, айыл чарба, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Т.Борбодоевге жүктөлсүн.
Төрага
| Ы.Б.Нааматов |