Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIXчакырылыштын 3 (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 29-января №17
2025-2027-жылдарга карата Гавриловка айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык,Бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-2027-жылдарга карата Гавриловка айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Программада камтылган иш-чарлардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Гавриловка айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Ш.Урматовго тапшырылсын.
3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Гавриловка айылдык кеңешинин Бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Б.Нааматов |