КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 25-марты № 63
2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене
2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Келишимди ратификациялагандыгы жана ратификациялык грамоталарды алмашууга даяр экендиги жөнүндө тажик тарапка кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 23 (3679) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 19-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |