Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIXчакырылыштын 3 (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 29-января №16
2025-2027-жылдардагы салык мезгилинде колдонуу үчүн турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Гавриловка айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Мамлекеттик салык кызматынын Сокулук району боюнча башкы инспектору Э.Б. Эмилбекованын "Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, анда "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна 2025-2027-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380-беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендиги жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-2027-жылдардагы салык мезгилинде колдонуу үчүн турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкалары 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ш.Урматовго жүктөлсүн.
Төрага
| Ы.Б.Нааматов
|