Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIXчакырылыштын 3 (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 29-января № 13
2025-жылга бюджетти жана 2026-2027-жылдарга болжолду бюджетти бекитүү жөнүндө
Гавриловка айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Б.Мамыркуловдун Гавриловка айылдык аймагынын 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен 29433,1 миң сом суммасында киреше бөлүгүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2025-жылдын бюджет атайын каражаттарды эске алуу менен 29433,1 миң сом суммасында чыгашалар боюнча №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Атайын каражаттарды эске алуу менен 2026-2027-жылдарга болжол №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 01.01.2025-жылга карата чыгашалардан ашкан кирешелер (эркин калдык) 11827,3 миң сом жана атайын каражаттар 1256,4 миң сом № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин жана бөлүштүрүлсүн.
5. Квартал сайын бюджеттик каражаттар №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Айылдык аймагынын 2025-жылга социалдык-экономикалык иш-чараларынын планы №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. 2025-жылга айыл өкмөтүнүн аппаратынын жана маданият (клуб, музей, китепканалар) штаттык сандары бекитилсин.
8. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдөрдүн түрлөрү ченемдери боюнча 2025-жылдын 29-январындагы №3 токтому менен бекитилсин.
9. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү/кирешелерди/ түшкөндү айылдык аймагынын көрүстөндөрүн тейлөө жана камтуу үчүн башка чыгашаларга пайдалансын.
10. Эмгек өргүүсүнө чыкканда эки айлык эмгек акы фондусунан ден соолукту чыңдоого материалдык жардам көрсөтүү бекитилсин.
11. Өндүрүштүк зарылчылыкты эске алуу менен айыл өкмөтүнүн башчысына сметалык дайындоолорду беренелер жана элементтер боюнча, бөлүм жана квартал ичинде жылдыруу укугу өткөрүлүп берилсин.
12. Республикалык бюджеттен берилген ыйгарым укуктар боюнча каражаттарды алууда багыт боюнча пайдаланылсын.
13. Бюджеттик каражаттардын пайдаланылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык Кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
14. Өзгөчө кырдаалдарга – 150,0 миң сом.
Төрага | Ы.Б.Нааматов |