Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVI - сессиясы

 

2023-жылдын 09-февралындагы № 7

 

Сайдыкум айыл аймагындагы №45“Маржан” балдар бакчасынын директору З.Тиленованын билдирүүсү жөнүндө

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абдурасулов жана “Маржан” балдар бакчасынын директору З.Тиленованын билдирүүсүнө негиз, Сайдыкум айыл аймагындагы 100 орундуу №45“Маржан” балдар бакчасын кеңейтүү максатында 20 бала кошулуп, сыйымдуулугу 120 балага каралып, талапка жооп берээрлик жагы белгиленип, азык-түлүк боюнча маселесин, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сайдыкум айыл аймагындагы 100 орундуу “Маржан” балдар бакчасына 20 бала кошулуп, сыйымдуулугу 120 балага каралып, талапка жооп берээрлик жагы белгиленип, жергиликтүү бюджеттен азык-түлүк берүү жагы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абдурасуловго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу:

 

А.Ж.Маматсаева