САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVI - сессиясы
2023-жылдын 09-февралындагы № 1
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга түзүлүшүн бекитүү жөнүндө жана 2024-2025-жылдарга болжолу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга түзүлүшүн бекитүү 2024-2025-жылдарга болжолдуу түзүлүшүн бекитүү жөнүндөгү ФЭБ башчысынын у.м.асы К.Мусакеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга социалдык, экономикалык стратегиялык өнүгүүсүн планынын көрсөткүчтөрүнө негиз.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджети 2023-жылга киреше бөлүгү 27 859,7 миң сомго, чыгаша бөлүгү 27 859,7 миң сомго тиркемеге ылайык анын ичинен: атайын каражат 2255,0 сом суммасында бекитилсин. Киреше бөлүгү №1 тиркемеде, чыгаша бөлүгү “ тиркемеде.
3. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жайыт комитети бирикмесинин киреше бөлүгү 287,2 миң сомго, чыгаша бөлүгү 215,4 миң сомго бекитилсин. Келишимдин негизинде жалпы сумманын 3/1% Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине которулуп берилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга бюджетинин негизги көрсөткүчтөрү жактыырылсын.
5. 2024-жылга кирешелер боюнча болжол 31037,7 миң сом, чыгаша 2024-жылга 31037,7 миң суммасында бекитилсин. 2025-жылга киреше боюнча болжол 33 685,1 миң сом, чыгаша 2025-жылга 33 685,1 миң суммасында жактырылсын. Тиркеме №3
6. 2023-жылга Республикалык бюджеттенжергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрү тиркемеге ылайык 8527,0 миң сомго бекитилип, биринчи кезекте корголгон берене эмгек акыга жумшалсын.
7. 2023-жылга сметада каралган акча каражаттары биринчи орунда корголгон беренелерге айлык акыга, коммуналдык чыгымдарга, тамак-ашка, өзгөчө кырдаалдарга жана ЭПИД фондко жумшалсын.
8. 2023-жылга айылдык кеңеш кызматкерлеринин бирдик саны 2 киши менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №64-токтомуна негиз бекитилсин. Айылдык Кеңештин төрагасына жана катчысынын бир жылдык эмгек акысы 1063,1 миң сомго бекитилсин.
9. 2023-жылкы калктын социалдык жардамы боюнча жөлөк пулу 500,0 миң сомго бекитилсин.
10. Сайдыкум айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин билимин жогорулатуу үчүн окууга 50,0 миң сом бекитилсин.
11. КР Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык, Сайдыкум айыл Өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин 1% өлчөмүндө 256,0 миң сом резервдик фондко ажыратылып, пайдалануу багыттары жөнүндө чечим айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жоболоруна ылайык сарпталышы белгиленсин.
12. 2023-жылга аппарат кызматкерлеринин бирдик саны 34 киши менен бекитилсин. (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы 451-сандуу токтомуна ылайык)
13. Сайдыкум айыл Өкмөтүнүн 12 айылына 7 айыл башчы оруну бекитилсин.
14. Сайдыкум айыл Өкмөтүнүн 2023-жылга карата аскерге милдеттүүлөрдүн саны 4100 адам болгондугуна байланыштуу, айыл өкмөт боюнча аскерге каттоо бөлүмүнө 5 бирдик орун бекитилсин.
15. Ушул сессиянын чечими менен 2023-жылга бекитилген бюджети тиркеменин суммасынын чегинде өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн айылдык Кеңешке сунуш берүү жагы ФЭБнүн башчысынын у.м.асы К.Мусакеевке жүктөлсүн.
16. “Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин” талаптарына ылайык пландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен аныкталуусу эскертилип, жыл ичинде пландан ашыкча жыйналган каражаттарды каржы министирлиги тарабынан бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин сессиянын чечими менен чыгымдоо каралсын.
17. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүчү салыктарды өндүрүү салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
18. Биринчи орунда корголгон статьяларга, эмгек акыларга жана коммуналдык чыгымдарга чыгымдоо жагы ФЭБ башчысынын у.м.асы К.Мусакеевке милдеттендирилсин.
19. Айыл өкмөтүнө атайын каржатка түшкөн акча каражаттарын бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу иштетүү жагы ФЭБ башчысынын у.м.асы К.Мусакеевке милдеттендирилсин.
20. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык Кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
| А.Ж.Маматсаева |