Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2023-жылдын 06-сентябрындагы№ 11

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2023-жылдын бекитилген бюджетине 8 айдын жыйынтыгы менен пландан ашыкча аткарылган жана III кварталында аткарыла турган салык жыйым түрү боюнча киреше бөлүмүнө 1700,0 миң сом жана чыгаша бөлүмүнө 1700,0 миң сом акча каражатын бекитүү жөнүндө Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бекитилген бюджетинин пландан ашыкча аткарылган жана III кварталында аткарыла турган салык жыйым түрү боюнча киреше бөлүмү 1-тиркемеге ылайык жалпы суммасы 1700,0 миң сомго бекитилсин.

2. Бекитилген киреше бөлүмүнүн 1700,0 миң сом акча каражатын, коомдук муктаждардын алдын алуу үчүн 2-тиркемеге ылайык каржыланып, аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

3. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бекитилген бюджетине пландан ашыкча түшкөн жана аткарыла турган салык жыйым түрү боюнча кирешеден түшкөн 1700,0 миң сом акча каражатын аткарыла турган жумуштарга беренелер аркылуу бөлүп, аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровко тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасы:

 

Э.И.Досов

 

 

 

Тиркеме 1

“БЕКИТЕМИН”

Сайдыкум айылдык Кеңешинин төрагасы ____________ Э.И.Досов

 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги

XX сессиясынын №11 токтому 2023-жыл 6-сентябрь

 

2023-жылдын бекитилген бюджетине 8 айдын жыйынтыгы менен пландан ашыкча аткарылган жана III кварталында аткарыла турган салык жыйым түрү боюнча киреше бөлүмүн бекитүү.

№

Киреше классификациясы

Кирешелердин аталышы

Суммасы

1

11111100

Салык агенти төлөөчү киреше салыгы

1 700 000

 

 

Жалпы суммасы

1 700 000

 

 

Тиркеме 2

“БЕКИТЕМИН”

Сайдыкум айылдык Кеңешинин төрагасы ____________ Э.И.Досов

 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги

XX сессиясынын №11 токтому 2023-жыл 6-сентябрь

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө жергиликтүү коомчулуктун ой пикирлери, сунуштары изилденип, жергиликтүү Кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн айыл башчылары менен биргеликте мектеп, балдар бакчаларда жана айылдарда жолугушуулардын жыйынтыгынын негизинде такталган муктаждыктары.

 

№

Чыгымдоонун аталышы

Чыгымдоонун суммасы

Квартал

1

Маржан балдар бакчасынын ашканасын оңдоо

280 000

III

2

№49 Ү.Сыдыков мектебинин от казанын оңдоо

394 000

III

3

Кызыл-Ай айылынын М.Абдалов, А.Кудаяров көчөсүнө траверс алууга

57 000

III

4

Таван скважинасына

200 000

III

5

Маданият кызматкерлерине форма

50 000

III

6

Кеңсе товарын алууга

42 000

III

7

Кызгалдак б/б трансформаторун оңдоого

48 000

III

8

Турпак-Коргон, Дөш айылдарына шагал төгүү 173 рейс

259 000

III

9

Сметчик кызматы

50 000

III

10

Мектеп бала бакчаларга таза-суу

50 000

III

11

Сайт кызматына

25 000

III

12

Мектептерге огнетушитель алууга

100 000

III

13

Жайыт комитетине жол сүрүп тазалоого

60 000

III

14

Жергиликтүү кеңешке кондиционер алууга

45 000

III

15

Айыл өкмөтүнө планшет алууга

40 000

III

 

Баары:

1 700 000