Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2023-жылдын 06-сентябрындагы№ 10

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2023-жылдын бекитилген бюджетине жергиликтүү Кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн башчылары менен биргеликте мектеп, балдар бакчаларда жана айылдарда көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн максаттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн айыл башчылары менен биргеликте мектеп, балдар бакчаларда жана айылдарда көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн 2023-жылдын бекитилген бюджетине 1-тиркемедеги маселелерге өзгөртүү киргизилсин.

 

2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 8 айдын жыйынтыгында өзгөртүлгөн акча каражатын аткарыла турган жумуштарга беренелер аркылуу бөлүп, аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровко милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасы:

 

Э.И.Досов

 

 

 

Тиркеме 1

“БЕКИТЕМИН”

Сайдыкум айылдык Кеңешинин төрагасы ____________ Э.И.Досов

 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын №10 токтому 2023-жыл 6-сентябрь

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн айыл башчылары менен биргеликте мектеп, балдар бакчаларда жана айылдарда көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн 2023-жылдын бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү.

 

№

Чыгымдоонун аталышы

Чыгымдоонун суммасы

Квартал

1

Чек айылындагы столбаларды жылдыруу 6 даана столба, 2200 метр зым тартуу

158 300

III

2

Сайдыкум айыл аймагына видеокөзөмөл орнотуу

300 000

III

3

Жаңы-Абад айылына көчө жарыктандырууга электр чубалгы алуу

30 000

III

4

Бак айылына трансформатор алууга

300 000

III

5

ГСВ №5 алдына брусчатка басуу

200 000

III

6

Кызгалдак балдар бакчасына ысык суу киргизип, раковина орнотуп берүү

100 000

III

7

№9 Ж.Асанов мектебинин 3-корпусунун чатырын алмаштырууга

350 000

III

8

№37 мектебине ажаткана курууга

300 000

III

9

Дүкүр мектебине ысык тамакка ашканасын ремонттоого

100 000

III

 

Жалпысы:

1 838 300