Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2023-жылдын 06-сентябрындагы№ 7

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн турак-жай курууга жер участкаларын берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 06-майындагы №177-Токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жөнүндөгү типтүү жобого ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2005-жылдын 06-майындагы №177-Токтому менен “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жөнүндөгү типтүү жобого ылайык, Сайдыкум айыл өкмөтүндөгү турак-жай курууга жер участкаларын берүү боюнча комиссиянын курамы  төмөнкүдөй  курамда түзүлсүн:

-А.Атабекова -Комиссиянын төрайымы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;

-Д.Раманова -Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы;

Мүчөлөрү:

-Р.Сатаров -Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын мүчөсү;

-К.Эрматов -юридикалык маселелер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис, комиссиянын мүчөсү;

-С.Алимбеков -Кызыл-Ай, Тойчубек-Чек айылдарынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;

-К.Кожояров -Аркалык, Жаш-Ленин айылдарынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;

-Эркин уулу Т - Чоң-Курулуш айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;

-С.Пакиров - Турпак-Коргон, Сейдикум, Дөш айылдарынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;

-З.Дадашов - Хажир-Абад айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;

-У.Маткасымов - Жаңы-Абад айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;

-Х.Сидиков - Чек, Дүкүр айылдарынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;

- __________________-“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон райондук филиалынын директору (макулдашуу менен)

-___________________-Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы (макулдашуу менен)

 

2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасы:

 

Э.И.Досов