Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2023-жылдын 06-сентябрындагы№ 6

 

Сайдыкум айыл аймагынын муниципалдык менчик бош жаткан жерлерин натыйжалуу башкаруу жөнүндө

Сайдыкум айыл аймагынын муниципалдык жерлерин активдүү башкаруу жана практикадан жер мыйзамдарынын бузулушун четтетүү, айылдын экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү жана айылдын экономикасына жеке инвестицияларды тартууда, жерге укукту берүүдө, Пландын башкы максаттарына жетүүдө, олуттуу жаңжалдарды жаратпастан мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда алуу максатында, Сайдыкум айыл аймагынын муниципалдык менчиктеги бош жаткан жерлерин натыйжалдуу башкаруу максатында, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жерлерди тактоо актыларын негизинде, Сайдыкум айылдык кенеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сайдыкум айыл аймагынын муниципалдык менчик жерлерин натыйжалуу башкарууну жогорулатуу жана муниципалдык жерлерди башкарууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти күчөтүү максатында, Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун негизинде, жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн экономикасына жеке инвестицияларды тартууда, жерге укукту берүүдө, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине киреше алып кирүүдө, жумуш орундары менен камсыз кылуу максатында, Сайдыкум айыл аймагынын муниципалдык менчик жерлерине максатык багытына жараша долбоордук сметалары менен эң жакшы шарттарды сунуш кылган айылдын экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөткөн пайдалануучуларга, Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун негизинде жер участокторуна укуктарды берүү жумуштары аткарылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасы:

 

Э.И.Досов