САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 08-декабрындагы № 4
Сайдыкум айыл аймагынын муниципалдык менчик бош жаткан жерлерин натыйжалдуу башкаруу жөнүндө
Сайдыкум айыл аймагынын муниципалдык жерлерин активдүү башкаруу жана практикадан жер мыйзамдарынын бузулушун четтетүү, айылдын экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү жана айылдын экономикасына жеке инвестицияларды тартууда, жерге укукту берүүдө, пландын башкы максаттарына жетүүдө, олуттуу жаңжалдарды жаратпастан, мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда алуу максатында, Сайдыкум айыл аймагынын борборунда жайгашкан, Кызыл-Ай айылындагы С.Досов көчөсүндөгү 31,50 кв.м муниципалдык менчиктеги жер жөнүндө Сайдыкум айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын муниципалдык менчик жерлерин натыйжалуу башкарууну жогорулатуу жана муниципалдык жерлерди башкарууда ачык айкындуулукту жана жоопкерчиликти күчөтүү максатында, Сайдыкум айыл аймагынын борборунда жайгашкан Кызыл-Ай айылындагы С.Досов көчөсүндөгү 31,50 кв.м жер тилкеси 2023-жылы 18-январь №2 токтому менен берилген жерге курулган курулуштун жер аянтын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик рээстрине каттоого алынсын
2. Сайдыкум айыл аймагынын борборунда жайгашкан Кызыл-Ай айылындагы С.Досов көчөсүндөгү 31,50 кв.м жер тилкеси 2003-жылы 18-январь №2 токтому менен берилген жерге курулган курулуштун жер аянтына “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынан Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер участогун мөөнөтсүз (көрсөтүлбөгөн мөөнөттөн) пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт берүү жагы суралсын.
3. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы С.Досов көчөсүндөгү 31,50 кв.м жер тилкесинде курулган курулуштун менчик ээсине Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары тартиби жөнүндөгү жобонун 4 бөлүгүнүн а-г пунктуна ылайык иш жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасы: |
| Э.И.Досов. |