Редакцияот 08.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2023-жылдын 08-декабрындагы № 3

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2023-жылдын бекитилген бюджетине 11-айдын жыйынтыгы менен пландан ашыкча аткарылган салык жыйым түрү боюнча киреше-чыгаша бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ;

 

1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бекитилген бюджетинин пландан ашыкча аткарылган салык жыйым түрү боюнча киреше бөлүмүнүн IV кварталына 563,0 миң сомго 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бекитилген бюджетинин салык жыйым түрү боюнча киреше бөлүмүнүн IV кварталынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо учун акыдан 258,0 миң сомго 2-тиркемеге ылайык кыскартылсын.

 

3. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бекитилген бюджетине ашыкча аткарылган кошумча пландан жана кемитилген пландан келип чыккан сумманы тактап, үнөмдөлгөн беренелер аркылуу бөлүп, аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровко тапшырылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасы:

 

Э.И.Досов.

 

 

Тиркеме 1

 

 

“БЕКИТЕМИН”

Сайдыкум айылдык Кеңешинин

төрагасы_________Э.Досов

 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги

XXII сессиясынын №__ токтому 2023-жыл 8-декабрь

 

2023-жылдын бекитилген бюджетинин пландан ашыкча аткарылган салык жыйым түрү боюнча киреше бөлүмүнүн IV кварталына көбөйтүү жөнүндө.

К №

Киреше классификациясы

Кирешелердин аталышы

Суммасы

1

11312200

Жеке жактардын транспорт каражаттарына салык

200000

2

11321100

Короо жанындагы жер участокторун пайдалануу үчүн салык

40000

3

11321300

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы

110000

4

14152200

Жайыт ижарасы үчүн салык

60000

5

31412110

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу

153000

 

 

Жалпысы

563000

 

 

 

Тиркеме 2

 

 

“БЕКИТЕМИН”

Сайдыкум айылдык Кеңешинин

төрагасы_________Э.Досов

 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги

XXII сессиясынын №__ токтому 2023-жыл 8-декабрь

 

2023-жылдын бекитилген бюджетинин 11-айдын жыйынтыгы менен салык жыйым түрү боюнча киреше бөлүмүн IV кварталынан азайтуу боюнча.

 

К №

Киреше классификациясы

Кирешелердин аталышы

Суммасы

1

14151200

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо учун акы

258000

 

 

Жалпы суммасы

258000