Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

 

2023-жылдын 05-октябрындагы № 5

 

Сайдыкум айыл аймагындагы “Алмаз-Суу” СПАна имарат курууга муниципалдык жерден жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке кабыл алуу комиссиясынын актысынын негизинде, “Алмаз-Суу” СПАнын өкүлдөрүнүн чогулушунун протоколунун негизинде, Сайдыкум айыл аймагынын “Алмаз-Суу” СПАсынын башчысы З.А.Нарматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сайдыкум айыл аймагындагы “Алмаз-Суу” СПАсына имарат (конотора) курууга Хажир-Абад айылындагы муниципалдык бош жаткан жер тилкесин, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке кабыл алуу комиссиясынын актысынын негизинде, “Алмаз-Суу” СПАнын өкүлдөрүнүн чогулушунун протоколунун негизинде, “Алмаз-Суу” СПАсына имарат курууга, Хажир-Абад айылындагы муниципалдык бош жаткан 300 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчик реестрине киргизилсин.

 

2. Сайдыкум айыл аймагындагы “Алмаз-Суу” СПАсына имарат (контора) курууга Хажир-Абад айылындагы муниципалдык бош жаткан жер тилкесин, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке кабыл алуу комиссиясынын актысынын негизинде, “Алмаз-Суу” СПАсына имарат курууга Хажир-Абад айылындагы муниципалдык бош жаткан 300 чарчы метр жер тилкесин функционалдык багытына жараша төмөндөгү 3 группанын А группасына бөлүнүп, классификациясы бекитилсин.

А-группасы Негизги объектилер

Б-Группасы Кошумча объектилер, бош жаткан жерлер

В-группасы Ашык объектилер, бош жаткан жерлер

 

3. Сайдыкум айыл аймагындагы “Алмаз-Суу” СПАсына имарат (контора) курууга курулушка тийиштүү документтерин, курулуштун долбоордук сметаларын даярдоого акча каражатын “Алмаз-Суу” СПАнын бюджетинен бөлүнсүн.

 

4. Токтомдун аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сайдыкум айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Маматсаевага милдеттендирилсин.

 

 

Сайдыкум айылдык Кеңештин төрагасы:

 

Э.И.Досов