Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын
XXVIII - cессиясы
2024-жылдын 16-майындагы № 236
Түп айыл аймагынын өкмөтүнө Түп райондук өнүктүрүү
фондусунан акча каражат бөлдүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-беренесин жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып Түп айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги XXVIII - сессиясы токтом кылат:
1. Түп райондук өнүктүрүү фондусунан:
- Түп айылынын четинде жайгашкан Түп айыл аймагынын катуу
таштанды калдыктарын, акыр-чикирлерди төгүүчү полигондун ичин кеңейтүү үчүн аң казууга жана анын айлана тегерегин иретке келтирип сүрдүрүү үчүн 2 (эки) тонна күйүүчү май алууга акча каражаты;
- Түп айыл аймагынын Түп айылында коопсуздукту, укук
бузууларды алдын алуу максатында жана кылмыштуулуктуу кароо үчүн коопсуздук камераларды орнотууга түзүлгөн сметага ылайык 525 195 (беш жүз жыйырма беш миң бир жүз токсон беш) сом акча каражаты;
- Түп айылындагы А.Карымшаков атындагы орто мектептин
жаңы салынган имаратынын коридорун жана фоесин жасалгалоо үчүн
300 024 (үч жүз миң жыйырма төрт) сом акча каражаты суралсын.
- Уркаш Ата жаңы конушунун тегерегин курчоого 1 497 000 (бир
миллион төрт жүз токсон жети миң) сом акча каражаты;
- В.Кайкин орто мектебинин жылытуу системасы көмүр менен
жылытууга (альтернативдүү отун) өтүп жаткандыгына байланыштуу, от жагуучу жана көмүр сактоочу жайды курууга 6 681 150 (алты миллион алты жүз сексен бир миң бир жүз элүү) сом акча каражаты суралсын.
Тѳрайым Орозбекова А.О.