Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын
XXIX – cессиясы
2024-жылдын 20-июнундагы № 238
Бош калган акча каражатынан бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Түп айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын 2024-жылдын 19-июнундагы XXIX - сессиясы токтом кылат:
2024-жылдын 1-январына бош калган акча каражатынан 514 800 сом төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
- Түр айыл аймагынын айыл өкмөтү Түп райондук салык
башкармалыгынын алдында 2017-жылдан бери кошумча эсептөөлөрдөн келип түшкөн карыздары жана айып пулдарды төлөп берүүгө - 161 200 сом,
анын ичинен:
1) калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында
болбогон жерлерге мүлк салыгынан чыккан карыз – 52 000 сом;
2) муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын жана техникаларды ижара акысынан чыккан карыз – 14 200 сом;
3) калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйымдан чыккан карыз – 95 000 сом;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана
техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан экологияга жана жаратылышка келтирилген зыян үчүн 221 800 сом, анын ичинен 2024-жылдын 26-апрелиндеги Түп айыл өкмөтүнө берген №004997 сандуу сунуштамасынын негизинде 208 800 сом жана 2024-жылдын 3-июнунудагы “Укук бузуу жөнүндө иш боюнча жаза чарасын колдонуу жөнүндө” токтомдун №21-03-053-01-1-000176 сандуу протоколунун негизинде 13 000 сом;
- Аксакалдар сотуна материалдык жактан колдоо үчүн – 86 400 сом;
- Кыргыз республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу
Союзуна мүчөлүк акы төлөөгө – 15 500 сом;
- 2023-жылдын ичинде 1С-бухгалтерия программасын жүргүзүү
үчүн ЖИ А.Кельдибековго болгон карызын төлөөгө – 29 900 сом.
Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Чоркозовго милдеттендирилсин.
Тѳрайым Орозбекова А.О.