Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛЫ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын
XXIX – cессиясы
2024-жылдын 20-июнундагы № 239
Бош калган акча каражатынан бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Түп айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын 2024-жылдын 19-июнундагы XXIX - сессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин
2024-жылдын 1-январына бош калган акча каражатынан 1 637 000 сом төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
- Түп айылынын Приозерный көчөсүндө салына турган кичи-футбол
аянтчасынын проекттик жана сметалык иш кагазадарын (ПСД) иштеп чыгууга жана экспертизадан өткөрүүгө – 450 000 сом;
- Түп айылынын Манас көчөсүндөгү түнкү жарыктандыруу
жумуштарын бүткөрүүгө кошумча – 95 300 сом;
- Түп айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасынын ремонт иштерине
300 000 сом;
- Түп айыл өкмөтүнө караштуу жаңы түзүлгөн “Түп-таза аймак”
муниципалдык ишканасынын жумушчуларына шарт түзүп берүү үчүн, ишканага берилген имараттын бир бөлмөсүнө оңдоо иштерин жүргүзүп, керектүү жабдуулар менен камсыздоо үчүн 791 700 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана ишке ашыруу жагы
Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Чоркозовго милдеттендирилсин.
Тѳрайым Орозбекова А.О.