Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын
XXX – cессиясы
2024-жылдын 2-июлундагы № 241
Түп айылдык кеңешине күйүүчү май бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып Түп айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын 2024-жылдын 2-июлундагы XXX - сессиясы токтом кылат:
1. Түп айылдык кеңешинин төрайымы А.О.Орозбековага 2023
жылдын 11-августунда кызматтык автоунаа катары пайдаланууга жеке унаасы бар жаран менен түзүлгөн келишимдин негизинде ай сайын 150 (бир жүз элүү) литр күйүүчү май бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана ишке ашыруу жагы
Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Чоркозовго милдеттендирилсин.
Тѳрайым Орозбекова А.О.