Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын
XXXI - cессиясы
2024-жылдын 29-августундагы № 251
Түп айыл аймагынын өкмөтүнө Түп райондук өнүктүрүү
фондусунан акча каражат бөлдүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып Түп айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын 2024-жылдын 29-августундагы XXXI - сессиясы токтом кылат:
1. Түп райондук өнүктүрүү фондусунан:
- Уркаш Ата жаңы конушунун жолдорун асфальттоого 1 772 491
(бир миллион жети жүз жетимиш эки миң төрт жүз токсон бир) сом акча каражаты;
- Түп, Шаты жана Бирлик айылдарынын ички көчөлөрүн
сүрдүрүүгө жана аба-ырайы туруктуу болбой жаткандыгына байланыштуу коопту абалды алдын алууга карата күйүүчү майга 422 400 (төрт жүз жыйырма эки миң төрт жүз) сом акча каражаты;
- Грейдердин тетиктерин алууга 185 500 (бир жүз сексен беш миң
беш жүз) сом акча каражаты;
- Бирлик айылынын жаңы конушунун көчөлөрүн сүрдүрүүгө
күйүүчү майга 55 425 (элүү беш миң төрт жүз жыйырма беш) сом акча каражаты;
- Бирлик айылын тургундарын ичүүчү таза менен камсыз кылуу
үчүн10 045 958 (он миллион кырк беш миң тогуз жүз элүү сегиз) сом акча каражаты суралсын.
Тѳрайым Орозбекова А.О.