Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
I – cессиясы
2024-жылдын 28-ноябрындагы №4
Түп айыл аймагында III Элдик курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024 жылдын 20-сентябрындагы №271 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган 2024-жылдын 20-21-декабрында өтүүчү элдик Курултайга Улуттук уюштуруу комитетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечими менен бекитилген, айыл аймактарынан делегаттарды шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн бирдиктүү тартибин жетекчиликке алуу менен, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын I – cессиясы, маселени карап чыгып токтом кылат:
1. Түп айылдык аймагында элдик курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүү үчүн өкүлчүлүктүү жыйын 2024-жылдын 7-декабрына белгиленсин.
2. Жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарынын саны нускамага ылайык 100 делегат деп бекитилсин.
3. Түп айыл аймагы боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоону өткөрүү үчүн, Түп айыл аймагынын Түп айылынын кварталдары жана Шаты, Бирлик айылдары боюнча делегаттардын саны төмөнкүдөй каралсын.
· Борбор кварталы-20-делегат
· Күн чыгыш кварталы-20-делегат
· Түштүк кварталы-20-делегат
· Күн батыш кварталы-20-делегат
· Бирлик айылы-10-делегат
· Шаты айылы-10-делегат
·
4. Өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо үчүн 6-бөлүктө өткөрүлүүчү жамааттардын жыйындарына төмөнкү тизмедеги депутаттар жооптуу болуп бекитилсин
Борбор кварталы боюнча:
· Иманалиев Самат Шаршенбекович
· Шакеева Малика Кубанычбековна
· Кулалиев Даир Душембекович
· Сабатарова Рахат Рысбековна
· Еренчиев Куванычбек Касмалиевич
Күн чыгыш кварталы боюнча:
· Абдымамбетов Алмаз Байсымакович
· Урбаева Шаим Уркалиевна
· Тагаев Жакшылык Райымбердиевич
· Акыбаева Анаркүл Шаршенбековна
Түштүк кварталы боюнча:
· Ишен уулу Асылбек
· Джумадылова Динара Дөөлөсовна
· Токбаев Нурлан Амантурович
· Авкенова Асель Жумабековна
Күн батыш кварталы боюнча:
· Орозбекова Анаркуль Оморовна
· Абышев Кубандык Мукамбетович
· Балбаков Суюундук Амангелдыевич
· Алиева Гулмира Ажибековна
Бирлик айылы боюнча:
· Атамкулов Азамат Сагынович
· Калмамбетова Джаңылкан Мукашевна
Шаты айылы боюнча:
· Болтуруков Данияр Омурбекович
· Нургазиева Гүлниза Шаршембаевна
5. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы төмөнкү тизмеге ылайык бекитилсин:
· Абдымамбетов А.Б. - кеңештин төрагасы-жумушчу топтун жетекчиси
· Кулалиев Д.Д. - айылдык кеӊештин депутаты
· Авкенова А.Ж. - айылдык кеӊештин депутаты
· Алиева Г.А. - айылдык кеӊештин депутаты
· Токонов А.Б. - айыл өкмөттүн орун басары
· Урбаева Ш.У - жумушчу топтун өкүлү (өкмөттүк эмес уюмдан)
· Абытаев М.Т - жарандык коомдон
· Карашев Ж.Б. - жарандык коомдон
· Касымова А.К. - жарандык коомдон
· Атамкулов С.К. - Бирлик айыл башчысы
· Касымов К.К. - Шаты айылынын башчысы.
6. Жергиликтүү жамаатардан өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлүүчү жыйындардын графиги бекитилсин (тиркеме №1).
7. Айыл өкмөт башчысына жергиликтүү жамааттардан делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өтүүчү жыйындарга, чогулуштарга, ошол бөлүмдөрдө жашаган калктын калың катмарынын катышуусун, аларга социалдык тармактар, ММК аркылуу жыйындардын өткөрүлө турган күнү, убакыты жөнүндө маалыматтарды жеткирүү жагы жана үн чыгаруучу аппарат менен камсыздоосу милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана жана ишке ашыруу жагы, бөлүмдөрдөгү айылдык кеңештин депутаттарына, жергиликтүү курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу тобуна жана айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Тѳрага Абдымамбетов А.Б.