Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
II – cессиясы
2024-жылдын 6-декабрындагы №5
Түп айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын
жана алардын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 36-беренесинин
2-3-пунктуларынын негизинде, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын II – cессиясы токтом кылат:
кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн төмөнкүдөй комиссиялардын тизмеси жана сандык курамы бекитилсин:
1) Бюджет, экономика, ишкердик, тышкы экономикалык байланыш, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы - 5 мүчөсү менен.
2) Айыл чарбасы, жерди пайдалануу муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясы - 6 мүчөсү менен.
3) Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк жана депутаттык мандат, жергиликтүү өзүн өзү башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча (административдик) туруктуу комиссиясы - 3 мүчөсү менен.
4) Жаштар, спорт, туризм, маданият, билим берүү, социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясы - 5 мүчөсү менен.
1) Бюджет, экономика, ишкердик, тышкы экономикалык байланыш, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы:
- Болтуруков Данияр Омурбекович
- Иманалиев Самат Шаршенбекович
- Орозбекова Анаркуль Оморовна
- Тагаев Жакшылык Райымбердиевич
- Токбаев Нурлан Амантурович
2) Айыл чарбасы, жерди пайдалануу муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясы:
- Абышев Кубандык Мукамбетович
- Атамкулов Азамат Сагынович
- Балбаков Суйундук Амангелдыевич
- Еренчиев Куванычбек Касмалиевич
- Ишен уулу Асылбек
- Кулалиев Даир Душембекович
3) Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк жана депутаттык мандат, жергиликтүү өзүн өзү башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча (административдик) туруктуу комиссиясы:
- Авкенова Асель Жумабековна
- Нургазиева Гульниза Шаршембаевна
- Шакеева Малика Кубанычбековна
4) Жаштар, спорт, туризм, маданият, билим берүү, социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясы:
- Алиева Гульмира Ажибековна
- Джумадылова Динара Доолосовна
- Калмамбетова Джанылкан Мукашевна
- Сабатарова Рахат Рысбековна
- Урбаева Шаим Уркалиевна
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Төрага Абдымамбетов А.Б.