Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
II – cессиясы
2024-жылдын 20-декабрындагы №12
Түп айылынын Западный көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктун жана Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө”
№67 Мыйзамынын 7-пунктун жетекчиликке алып, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын II – cессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагынын Түп айылынын Западный көчөсүнө
Суванов Шертайдын аты берилсин.
2. Западный көчөсүнүн атын өзгөртүү боюнча бардык чыгымдар
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте демилгелеген тараптын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Түп айылдык
кеңешинин туруктуу административдик комиссиясына жана Түп айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Төрага Абдымамбетов А.Б.