Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
III – cессиясы
2024-жылдын 20-декабрындагы №13
Түп айылындагы автобекетти муниципалдык менчикке
кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин
1-пунктун жетекчиликке алып, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын III – cессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагынын Түп айылындагы Элебаев көчөсүнүн №114
дарегинде жайгашкан эски автобекети Түп айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Түп айыл өкмөтүнүн башчысы
Ч.Э.Джузеновго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Түп айылдык
кеңешинин туруктуу айыл чарбасы, жерди пайдалануу муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Төрага Абдымамбетов А.Б.