Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
III – cессиясы
2024-жылдын 20-декабрындагы №15
“Айылды инвестициялоо үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо” АИД-3 КК долбоорунун алкагында Түп айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесине ылайык
Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын III – cессиясы токтом кылат:
1. АИД-3 КК долбоорунун алкагында айыл аймакта Түп айыл
аймагынын АКИА АК төрагасынын орун басары Э.Мусакожоевдин маалымат-отчету кабыл алынсын.
2. Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Э.Джузенов жергиликтүү
маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүү жөнүндө сунуштарын даярдап берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Түп айылдык
кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Э.Джузеновго жүктөлсүн.
4. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Төрага Абдымамбетов А.Б.